Сын атооч — заттын белгисин, сапатын билдирген сөз түркүмү. Кыргыз тилинде сын атоочтор белгинин ар кандай даражасын көрсөтө алат. Бул салыштыруу даражалары деп аталат.