жакшы
Көрүнүш
Кыргызча
[түзөтүү]Морфологиялык касиеттери
[түзөтүү]- Муундарга бөлүнүшү: жак-шы
- Уңгу: -жакшы-
- Lua катасы: Missing close-bracket for character set beginning at pattern character 1.
- Салыштырма: жакшыраак
- Күчөтмө: эң жакшы
Семантикалык касиеттери
[түзөтүү]Мааниси
[түзөтүү]- Сапат жагынан талапка ылайыктуу, көңүлгө толгон, мыкты баага татырлык.
- Жогорку же жетиштүү деңгээл.
- ◆ Жакшы билим алды
- Максатка ылайык, жарамдуу
- ◆ Бул жер жакшы
- Моралдык-этикалык мааниси.Оң мүнөз, жакшы сапат.
- ◆ Жакшы тарбия көргөн, ◆ Жакшы бала
- Натыйжа, ийгилик мааниси. Канааттандырарлык жыйынтык.
- ◆ Сынактан жакшы өттү ◆ Иши жакшы чыкты
- Көп, мол, арбын
- ◆ Жакшы түшүм алды
Синонимдери
[түзөтүү]Антонимдери
[түзөтүү]Гиперонимдери
[түзөтүү]- -
Тектеш сөздөрү
Жакын тектеш сөздөрү
- Тактоочтор: жакшы
Этимологиясы
[түзөтүү]Бул сөз жак+шы бөлүктөрүнөн куралган. Жак уңгусу байыркы түркчө (𐰽𐰀𐰏) саг, (𐰽𐰗𐰗) соо, жакшы» (ДТС, 480) сөзүнүн с тыбышы ж тыбышына өзгөргөнү болуп эсептелет.
Азыркы кыргыз тилинде сын атооч же тактооч маанисиндеги сөздү жасай турган -шы мүчөсү бул сөздөн башка текши (<тек+ши) сөзүндө да катышат. Текши сөзүндөгү тек уңгусу азыркы кыргызча тең сөзүнө барабар келет. Демек, -шы мүчөсү сын атоочтон же тактоочтон кайра эле ошондой сөз түркүмүн жасай турган мүчө экени даана көрүнөт. Жакшы сөзүндө да йак уңгусуна -шы мүчөсү уланып, кайра эле ошондой маани берген жакшы сөзү жаралган.
Фразеологизмдер жана туруктуу сөз айкаштары
Орусча
[түзөтүү]хороший