Мазмунга өтүү

даража

Wiktionary долбоорунан

Кыргызча

[түзөтүү]
  1. Атак, даңк, мартаба. Даражасы жогору адам. Даражасы көтөрүлүү.
  2. Бир нерсенин ченин, өлчөмүн, кандай деңгээлде экенин мүнөздөөчү салыштырма чоңдук. Эмгектин өндүрүмдүүлүк даражасы.
  3. Деңгээл, чек; категория. Бул иш менен белгилүү даражада катышып, тааныштыгым болбосо, мен киришмек эмесмин («Ала-Тоо»). Биринчи даражадагы диплом. Экинчи даражадагы сыйлык.
  4. Илимий наам. Илимдердин кандидаты деген даражага ээ болуу.
  5. грам. Сын атоочтун салыштырма формасы.

Орусча

[түзөтүү]

степень почётная степень; почёт