абсцесс

Wiktionary дан

Кыргызча[түзөтүү]

/ky.m./

Абсцесс (ириңдүү шишик, ириңдеп кетүү) ириңдетүүчү микробдордун (стафилакокк, стрептококк ж. б.) организмдеги жабыркаган тери же былжыр чел аркылуу же ириңдүү сезгенген очоктон жанаша жаткан ткандарга же айрым органдарга (мээ, боор, өпкө ж. б.) лимфа, кан тамырлар аркылуу таралышынан пайда болот. Тканга түшкөн микробдор аны ириңдетип сезгентет, ткандар бузулуп, ириңдүү көңдөйгө айланат. Организмдин коргонуу реакциясынын натыйжасында ириңдүү көңдөйдүн айланасында ириңди таза ткандан бөлүп туруучу жука чел пайда болот. Катуу кармаган Абсцессте ириң тез көбөйүп, бөлүп туруучу чел жарылып, ириң теринин сыртына же органдын көңдөйүнө (ичеги, карын, бронхторго ж. б.) чыгат, бул анын айыгышына түрткү болушу да мүмкүн. Кээде ириң тегерегиндеги тканга тарап, ириңдүү сезгенүүнүн таралышына, флегмона жана сепсиске (кандын бузулушуна) алып келет. Ириңдин көкүрөк же курсак көңдөйүнө чыгышы өмүргө коркунучтуу өтө оор кабылдоолорду — перитонит жана ириңдүү плевритти пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан Абсцесс кайсы жерде болбосун (териде же органда) тезинен операция жасап, анын көңдөйүн бошотуп таза» лоо зарыл. Өздүк гигиена эрежелерин туура сактоо менен Абсцессти алдын алып болтурбай коюуга болот. Теринин жана былжыр челдин жабыркаган (кесилген, сыйрылган ж. б.) жерлерин дезинфекциялоочу эритмелер (йод, бриллиант жашылы) менен жакшылап тазалоо керек. Теринин кесилген, тикен кирген, сыйрылган жери ооруп, шишимик тартып кызарса врачка кайрылган оң. Өз алдынча дарыланып, жылыткыч, муз, компресс басууга, ушалоого болбойт, анткени булар оор кабылдоолорго,алып келиши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү]

болгарча[түзөтүү]

абсцесс

Орусча[түзөтүү]

абсцесс