Ажал

Википедия дан

Ажал - (ар. - өлүм, тиричиликтин бүтүшү) адамдын жарык дүйнөдөгү тиричилигинин акыры; денедеги зат алмашуунун түбөлүк токтошу. Ажал түшүнүгү адам баласынын өмүрүн Алла кудурети менен белгилеп койгон адамдын өмүрү деген эзелки ишеним түшүнүктөрдү да камтыйт. «Тагдыр», «Маңдайга жазылган», «жазмыш», «пешене» сыяктуу сөздөр ошонун далили. Эл ичинде айтылып жүргөн «ажал жолу чилдин арышынан кыска», «ажалды оозуна тиштеп», «ажалсыз пенде жок», «ажал жетпей өлмөк жок» деген сөздөр ажал менен тагдыр түшүнүктөрүнүн ортосундагы байланышты түшүндүрөт. Дүйнө тааным аркылуу караганда тиричиликтин маанилүү шарттарынын бири.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1