Уикисөздүк:Макала түзүү эрежелери
Баракты түзөтүү
[түзөтүү]Баракты оңдоону баштоо үчүн, Викисөздүктүн каалаган макаласынын жогорку оң жагындагы түзөтүү деген баскычты басыңыз.
Викисөздүктүн системасы текстти форматтоону жеңилдетүү үчүн атайын символдорду колдонот. Бул жерде негизги эрежелер берилген:
Форматтоо
[түзөтүү]Жалгыз тырмакча (') белгиси текстти форматтоо үчүн төмөнкүдөй колдонулат:
- Кыйшык текст (курсив) — эки тырмакча менен жасалат:
''Кыйшык текст''. - Калың текст — үч тырмакча менен жасалат:
'''Калың текст'''. - Беш тырмакчаны колдонуу менен калың кыйшык текстти жасоого болот:
'''''калың кыйшык текст'''''.- Мисалы, ичинде калың кыйшык сөздөр менен курсивдүү сүйлөм болушу мүмкүн:
... ичинде '''''калың кыйшык сөздөр менен''' курсивдүү сүйлөм болушу мүмкүн'':.
- Мисалы, ичинде калың кыйшык сөздөр менен курсивдүү сүйлөм болушу мүмкүн:
Тизмелер жана саптар
[түзөтүү]Сөздүктөгү аныктамалар номерленет, ал эми котормолор маркерленген тизме менен берилет:
- Номерленген тизме түзүү үчүн саптын башына
#белгисин коюңуз.- Бул номерленген сап болуп көрүнөт.
- Бул белги аныктамалар үчүн гана колдонулушу керек.
- Маркерленген тизме үчүн саптын башына
*белгисин коюңуз.- Бул тизме катары көрүнөт.
- Котормолор жана башка тизмелер үчүн колдонулат.
- Чегинүү (интендация) үчүн саптын башына
:белгиси коюлат.
Шилтемелер
[түзөтүү]Шилтемелер тиешелүү барактар арасында бир чыкылдатуу менен өтүүгө мүмкүндүк берет:
- көк шилтеме — бул барактын бар экенин билдирет.
- кызыл шилтеме — бул барак али түзүлө электигин билдирет.
- Жөнөкөй шилтеме түзүү үчүн төрт бурчтук кашаа менен
[[сөз]]жазыңыз. - Эгер шилтеменин аталышы башкача көрүнүшүн кааласаңыз:
[[багытталган барак|көрүнүүчү текст]]форматын колдонуңуз.
Баш аттар(Headings)
[түзөтүү]Макалада ар кандай деңгээлдеги баш аттарды (бөлүмдөрдү) ==Баш ат== форматында түзөсүз. Теңдик белгиси канчалык көп болсо, бөлүм ошончолук кичине болот.
Макаланын бөлүмдөрүн түзүү үчүн төмөнкү теңдиктер колдонулат:
== Мааниси===== Синонимдер ======= Антонимдер ====
Калыптар
[түзөтүү]Калыптар татаал таблицаларды же автоматтык тексттерди кошуу үчүн керек. Алар фигуралык кашаалар менен жазылат:
- Мисалы: {{этиш |муундар=ба-суу |уңгу=бас |мүчө=уу |аудио=}} — бул сиз түзүп жаткан грамматикалык тизмекти чакырышы мүмкүн.
Кол коюу
[түзөтүү]Эгер сиз талкуу барагында же башка сурамдар баракчасында талкууга катышып жатсаңыз, этикет боюнча билдирүүңүздүн аягына кол коюуңуз керек. Кол коюу эң оңой жол менен — төрт тилда белгисин терүү аркылуу ишке ашат:
~~~~
Бул код автоматтык түрдө сиздин колдонуучу атыңызга (шилтемеси менен) жана билдирүү калтырган убактыңызга айланат.
Мисалы, сиз тергенде мындай көрүнөт:
Gulnaziki (баарлашуу) 10:42, 20 январь 2026 (UTC)
Эскертүү: Негизги сөздүк макалаларына эч качан кол коюлбайт, анткени алар бардык редакторлордун биргелешкен эмгеги болуп саналат.
Оңдоолорду сактоо
[түзөтүү]Өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин, барактын ылдый жагындагы Өзгөртүүлөрдү жарыялоо деген баскычты басууну унутпаңыз. Ага чейин Алдын ала көрүү баскычын басып, каталар жокпу, текшерип алсаңыз болот.