жаш

Wiktionary дан

Кыргызча[оңдоо]

Орусча[оңдоо]

жаш I
1. молодой;
жашың жаш ты летами молод;
баланы жашынан катынды башынан погов. ребёнка (приучай) с малолетства жену (приучай) с (самого) начала (сразу после женитьбы);
жаштайынан (он) смолоду;
жаштайыңан кул болуп көрбөгөндөрдү көрдүң ты смолоду был рабом и испытал то что не приведи (никому) испытать;
жаштайымда жетим калдым я осиротел в детстве;
жаштар собир. молодёжь;
2. свежий сырой; недоделанный;
жаш кайыш сыромятная кожа;
жаш отун южн. сырые дрова;
жаш сорпо бульон из свежего мяса из мяса только что зарезанного животного;
3. год (при определении возраста);
ал жашы сексендин сегизин жашаган он прожил восемьдесят восемь лет;
жашка тол- или жашка жет- (о мужчинах) достигнуть совершеннолетия;
мектеп жашына жетпеген балдар дети дошкольного возраста;
жашка чык- или южн. жашка кир- достичь какого-л. возраста;
жашы быйыл отуз бирге чыкты ему в этом году исполнился тридцать один год;
жашыңыз канчага кирди? южн. сколько вам лет?
ал эки жашка карады ему идёт второй год;
байгамбарга жашы тең фольк. (он) в почтенном возрасте (см. байгамбар);
4. жизнь;
жети күндүк жашым бар фольк. жить мне осталось семь дней;
ыргып кетет башыңыз түгөнүп калат жашыңыз фольк. слетит ваша голова кончится ваша жизнь;
карыган койдун өмүрүндөй жашым калды мне осталось жить немного (букв. мне осталось жить столько сколько старой овце);
жашымды сурады он меня вконец измотал измучил;
каяшаны көп айтып сурады менин жашымды стих. он много мне перечил измучил меня вконец;
айткан тилди эч албай сурар сенин жашыңды стих. (дурная жена) не слушается изматывает тебя.
жаш II
слеза;
чолок жаш слезинка;
көзүнөн чолок жаш чыкты у него слезинки потекли из глаз;
көз жашы кыл- всплакнуть прослезиться;
көзүнүн жашын көл кылып заливаясь слезами;
кара жаш горькие слёзы;
булакка барып жууп кел кара жаш жууган бетиңди фольк. иди к роднику и вымой лицо омытое горькими слезами;
жолдоштордон айрылып бетимди жууду кара жаш фольк. лишился я друзей и моё лицо омыли горькие слёзы.