Ислам

Wiktionary дан

Кыргызча[түзөтүү]

/ky.m./ вилка

Исла́м (араб. الإسلام‎ — «моюн сунуу [Аллахка]») Ислам деген сөз "тынчтык,амандык,бейпилдик,баш ийүү" маанисиндеги "Салим,Селам"деген арабча сөздөн бутактап чыгып,кеңири мааниде"Алла Таалага баш ийүү" буйруктарына моюн сунуу,тынчтык жолунда түшүп,бейпил жашоого карай аттануу,ар бир адамга,кала берсе,ар бир нерсеге бекем ыйман менен мамиле жасоо жана колунан-тилинен эч бирөөгө залал тийгизбөө"деген маанилерди билдирет. Ислам - Алла Тааланын аяндарына негизделген. Пайгамбарыбыз(с.а.в) аркылуу бизге жеткирилип, Пайгамбарыбыз өрнөктүү өмүрү менен жашап көрсөткөн Ааламдык ыйык диндин аты. Ислам дини жалпысынан ишенимдик,турмуштук жана Ахлахтык өкүмдөрдү өз ичине камтыйт. Исламдын түпкү өзөгү ыйман жана бекем ишеним. Исламдын туу чокусу болсо-киши өз жоопкерчиликтерин Алла Тааланын көрүп тургандай жана Алла Таала да аны көрүп тургандай кылдат жана толук,ан-сезимдүүлүк менен аткара билүү (Ихсан),ошонндой эле жасаган ,жасай турган ар бир ишти Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн жүзөгө ашырууга аракеттенүү (Ихлас)болуп саналат.

Ислам (моюн сунуу) Адам (а.с.) дан бери келе жаткан жалгыз акыйкат дин(туура түз жол).

Исламды дүйнөдө 120дан ашуун өлкөдө тутунушат жана жалпы мусулмандардын саны 1,55 млрддан ашуун.28 мамлекетте Ислам дини расмий же мамлекеттик болуп эсептелинет. Ислам дини негизги эки топко бөлүнөт: Сунниттер жана Шииттер. Азыркы учурдагы мусулмандардын көпчүлүгү(85-90 %) сунниттер, калгандары шииттер. Ислам дининин негизги (Ыйык) китеби болуп- Куран эсептелет,мусулмандардын ишеничи боюнча бул Китеп Кудай тарабынан Мухаммед пайгамбарга түшүрүлгөн. Исламда негизги экинчи булак - Сүннөт (Пайгамбардын басып өткөн жолу жана айткан сөздөрү). Ислам динин тутунгандар мусулман деп аталат.